Парижде Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземи өттү

28-августта Парижде 2024-жылкы Паралимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземи өттү. Иш-чарага 184 өлкөдөн барган 4000ден ашык спортчу катышты.

Салтанатты Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Эл аралык паралимпиада комитетинин президенти Эндрю Парсонс ачып, бул иш-чара өтө маанилүү экенин белгилешти.

Быйыл Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Паралимпиададага төрт спортчу катышып жатат. Пауэрлифтинг боюнча Миргүл Боталиева, жеңил атлетикадан Гүлназ Жүзбаева, триатлондон Айтунук Жоомарт кызы жана дзюдодон Маматибраим Суранов күч сынашат.