Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышчу кыргыз курамасынын кийими даяр

Image descriptionБул тууралуу 30-августта Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Кураманын параддык жана спорттук формасын Bigser sport ата мекендик ишканасы даярдаган.

«Параддык форма калпак, блейзер-пиджак, футболка жана шымдан, ал эми спорттук форма баш кийийм, күрмө, футболка, карго шым, спорттук бут кийим жана рюкзактан турат», — дешти министрликтен.

Быйыл V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-13-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан 183 спортчу катышат.