Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшырып, ордуна Эрнис Айдаралиев келди

Image descriptionБШК 30-августтагы жыйынында Нуржигит Кадырбекводун депуттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотту. Ал эми Эрнис Айдаралиевге күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Айдаралиев 39 жашта. 2011-2014-жылдары Мамлекеттик салык кызматында адис болуп иштеген. 2018-жылы Президенттик аппаратта мамлекеттик курулуш бөлүмүнүн кызматкери болгон.

Буга чейин «Ыйман Нуру» фракциясынын лидери Кадырбеков мандатын өз ыктыяры менен тапшыруу тууралуу арыз жазган.

«Алла Таалам баарын көрүп турат. Эң негизгиси башкаларга зыяныбыз тийбесин», — деп Кадырбеков фейсбук барагына «олуттуу чечим» деген хэштег менен жазды.