Cүрөт:«Media Малькевич» телеграм-каналы

Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында өткөн мөөнөтсүз президенттик шайлоодо үч ай мурда эле «барымтага алуу» айыбы менен түрмөдө отурган Садыр Жапаров чоң артыкчылык менен жеңишке жеткен. Мындай ийгиликтин сырларынын бири масштабдуу пиар-кампанияда болушу ыктымал. Үч жарым жылдан кийин ал кампанияга ЧВК «Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожинге байланышы бар орусиялык саясий технологдор катышканы аныкталды.

ЧВК «Вагнердин» негиздөөчүсү, «Путиндин ашпозу» маркум Евгений Пригожин бир нече пропагандалык ЖМКнын жана соцтүйүндөрдө фейк аккаунттарды иштеткен «троллдор фабрикасынын» ээси болгон. Алар Орусиянын ичинде оппозициянын кадырын кетирүү менен алектенип, башка өлкөлөрдүн ички саясатына таасир этүүгө аракет кылышкан. Мунун баарына биздин башкы каарманыбыздын да тиешеси болгон.

Малькевичтин «башы үчүн» $10 миллион 

Бир ай мурда АКШнын бийлиги Александр Малькевич аттуу киши тууралуу маалымат бергендерге 10 млн доллар өлчөмүндө сыйлык жарыялаган. Вашингтон бул киши 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишүүгө тиешеси бар деп эсептейт.

Малькевич — Евгений Пригожиндин чөйрөсүндөгү орусиялык медиаменеджер жана саясий технолог. Ал АКШ гана эмес, башка өлкөлөрдөгү да шайлоолорго кийлигишкен. Мисалы, анын адамдарынын бири Ливиядагы шайлоого кийлигишкени үчүн бир жарым жыл түрмөгө отуруп чыккан. Америкадан качкандан кийин Малькевич «Петербург» телеканалын жетектеген. Учурда Украинанын оккупацияланган аймактарында аскердик пропаганда менен алектенип жүрөт.

Бирок эң кызыгы — бул кишинин Кыргызстандагы иштери. Расмий түрдө ал биздин өлкөгө КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочусу катары келген. Бирок аны менен тааныш орусиялык саясий технолог Сергей Ковальченко Малькевич 2020-2021-жылдары Садыр Жапаровдун пиар-кампаниясын жүргүзгөндөрдүн бири болгонун айтып берди.  

«Анын кандайча кийлигишкенин, пропагандачы катарыбы же добуштарды саноого катышканбы, биз так билбейбиз, — деп айтып берген Сергей Ковальченко «Дождь» телеканалына. — Малькевич Пригожиндин саясий технологу. Ал жана анын адамдары шайлоолордо медиа өнөктүктөрдү түзүшкөн. Мисал катары Кыргызстандагы акыркы шайлоону эстеп көрсөк болот. Анда саясий технологдордун командасында Малькевич да болуп, шайлоо өнөктүгүн маалыматтык фон менен камсыз кылып турган».

«Орустардын изи бар болчу, бирок ал жоголуп кеткен»

Эгер Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясын эстесек, чынында эле кыйла сапаттуу жана тынч өтүп, элдин арасында көп деле кыжырданууну жараткан эмес. Атрибутикадагы жөнөкөй визуалдык чечимдер, гармониялуу көк жана ак түстөрдүн айкалышы, аймактарды көп кыдыруусу жана шайлоочулар менен көптөгөн жолугушуулары. Чуулгандуу да, көзгө көрүнөөрлүк да эч нерсе болгон эмес.

Атаандаштарын Жапаровдун башкы телеканалдагы дебаттарга катышпаганы бир эсе таң калтырса, бир эсе кыжырданткан. Баса, Путин да шайлоо алдында өзүн ушундай алып жүрөт: ал дебаттарга таптакыр катышпайт.

Медиалык жактан алганда да Жапаровдун шайлоо өнөктүгү сапаттуу уюштурулган. Ал кыргыз жана орус тилдеринде бир нече маек берип, ЖМКлар анын программалык билдирүүлөрүн жана эл менен жолугушууларын тынымсыз чагылдырып турушкан. Адамдардын көпчүлүгү да Жапаровдун сөздөрү жүрөккө жеткенин моюндашкан. Буга кошумча ар бир бурчта анын түшүнүктүү жана жөнөкөй ураандар жазылган сүрөттөрү илинип турган. Мунун баары көрүнүктүү саясатчынын шайлоо өнөктүгүн эске салган.

Бир чети ушундай эле: Жапаровдун саясатта жүргөнүнө көп болуп калган, иш жүзүндө ал шайлоо учурунда өлкөнү башкарып жаткан жана шайлоо фондунда каражат көп эле — 51,6 млн. сом. Бул президенттикке ат салышкан башка бардык талапкерлердин чыгымынын жарымын түзгөн.

Экинчи жагынан Жапаровдун шайлоо кампаниясында тажрыйбалуу команда иштеген. Ковальченконун айтымында, анын курамында Малькевичтен башка питерлик саясий технолог Петр Бычков да болгон. Бирок Бычков көбүнчө көмүскөдө болсо, Малькевич байкоочу катары элге көрүнүп турган. 

Бул маалыматты бизге Садыр Жапаровдун шайлоо штабында иштеген кызматкерлердин бири ырастады.

«Ал экөө шайлоодо жүргөн, — деди ал. — Бирок ага [Малькевичке] кандай [милдет] жүктөлгөнүн так билбейм. Аны эки жолу көргөм. А Бычков туруктуу иштеди, ага өзүнчө тапшырма берилген. Ал саясий технолог катары иштеди.  Бычков өлкөгө күзүндө эле, шайлоо жарыяланганга чейин эле келген», — дейт биздин булак.

«Алардын баары кесипкөй адамдар, шайлоо өнөктүгүн түзмө-түз жүргүзүшпөйт, — деп түшүндүрдү Сергей Ковальченко. — Жакшы саясий технолог келип эле өлкөдө кандай көйгөйлөр бар экенин, шайлоочулар эмнени күтүп жатканын байкап, комплекстүү иш алып барат. Жеңишке жеткен талапкердин социалдык-экономикалык көйгөлөргө кандай басым жасаганын байкасаңар эле орусиялык ыкманы көрөсүңөр».

Шайлоого эл аралык байкоочу катары Александр Малкевич Кыргызстандагы добуш берүү системасына эле эмес, «Орусияга максималдуу лоялдуу» талапкер деп атаган Садыр Жапаровго да «бармагын» көрсөттү. Скриншот: Орусиянын Эркин шайлоо фондунун Youtube каналы 

Пригожиндин саясий технологдору шайлоолорго кийлигишкен издерин кылдаттык менен өчүрүп коюшат, дейт Ковальченко.

«Интернеттен буга далилдерди таба албайсыңар, – деп билдирди ал. – Алар баарын өчүрүп коюшкан. Силердин өлкөдө Орусиядагыдай көйгөйлөр башталганда бул Орусиянын изи деп эч кимдин паралеллдерди келтиргиси келбейт. Ошондуктан далилдердин баары жок кылынып, өчүрүлгөн. Силердин президент да шайлоодо мага Пригожиндин саясий технологдору иштеп берген деп эч качан айтпайт. Туура сөздөрдү сүйлөп, бирок кийин “чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзам кабыл алып, дал Орусиядагыдай журналисттерди куугунтуктайт».

«Байкоочу» душмандарды издеп

Александр Малькевичтин Facebook’тагы барагын карасак, ал Кыргызстандагы президенттик шайлоо жөнүндө 2021-жылдын 9-январында бир гана билдирүү жазган. Ага бир нече сүрөт тиркеген: байкоочунун күбөлүгү, БШКнын башчысы жана кесиптеши менен түшкөн сүрөттөр.

Бирок Малькевичтин Телеграмдагы каналына биздин шайлоо жөнүндө маалыматтар өтө көп чыккан. 

Алгачкы билдирүүлөрүнүн бири 2020-жылы 10-октябрда Орусиянын айланасындагы #туруксуздукдогоосу (#дуганестабильности) деген хэштег менен жарыяланган. Анда Малькевич постсоветтик өлкөлөрдөгү митингдерди, элдик толкундоолорду жана алдыда өтө турган шайлоолорду тизмектеген.  

«Мунун баары бири-бирине байланыштуу, Орусиянын айланасындагы #туруксуздукдогоосу. Алгач – Беларус, андан кийин – Кыргызстан, Закавказьедеги согуш… Эми Тажикстанда нааразылыктарды күтөбүз. Мунун баары кимге пайдалуу? Биринчи кезекте кайра эле Түркия менен АКШга – алар Орусиянын түштүк капшытында чыңалуу жаратууну каалашат»

Малькевич 2020-жылдын 13-ноябрында АКШнын Кыргызстандагы шайлоо өткөрүүгө берген жардамына нааразылыгын билдирген.

«Кыргызстан жөнүндө эки ооз сөз. Мында “кыймылдар башталды»: АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги өзүнүн Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу “кыргыз элин колдоо максатында алдыдагы президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүүгө жардам көрсөтүү” ниетин билдирди. Бирок, биз билгендей, бул эч кандай кийлигишүү эмес…»

Малькевич 2021-жылдын 7-январында Кыргызстандагы шайлоого өзү учуп баратканын жазган.

«Жашыруунун деле кереги жок, мен КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясынын атайын миссиясынын курамында байкоочу катары Кыргызстанга бара жатам»

Ал ошондо эле шайлоо алдындагы кырдаал жөнүндө айтып жатып, Садыр Жапаровду өзүнчө белгилеп, аны негизги жана «Орусияга ымаласы ысык» талапкер деп атаган.

Оңдон солго: Малькевич, КР БШКнын башчысы Нуржан Шайдылдабекова жана ШКУнун байкоочу миссиясынын башчысы Алексей Чепа. Сүрөт: Алексей Чепанын Фейсбук барагынан.

Бирок эң кызыгы —  Малькевич Кыргызстандын бийлигине бир нече сунуш берип, Садыр Жапаров жеңишке жеткенден кийин алардын аткарылганы. Мисалы, ал Орусиядагыдай Кыргызстанда да «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзамды кабыл алууга чакырган. Анын айтымында, Кыргызстандын бардык жеринде «чет элдик агенттер» бар.

2021-жылдын 9-январында Малькевич БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаеваны жөнү жок эле айыптап чыккан. Буга анын талапкерлердин теледебатынан кийин мамлекеттик ЖМКларды жоюу сунушу себеп болгон. 

«Мында бул айымды чет элдик агент деп эсептешет жана ошентип айтышат (ал көптөн бери USAID сыяктуу уюмдар менен, ЕККУнун линиясы боюнча да тыгыз иштешип келет). Анан албетте анын соцтүйүндөргө жазган билдирүүсүнүн БШКнын расмий позициясына эч кандай тиешеси жок. #фейктер менен манипуляциялар мына ушинтип жаралат»

2021-жылдын 9-январында «Российский фонд свободных выборов» аттуу коомдун уюмдун сайтына Бишкектеги «Нават» кафесинде тартылган Малькевичтин чоң видеомаеги чыккан.

«Биз бүгүн эле өлкөнүн БШКсынын төрайымы менен сүйлөштүк. Ал мындай коңгуроолор кагылып жатканын ырастады. Анан калса Кыргызстандын мыйзамдары өтө либералдуу. Азыр балким сырттан каражат алган бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча КМШ чөлкөмүндөгү эң либералдуусу да болушу мүмкүн. Бул жерде да чет элдик агент катары эсептелген ЖМКлар бар». 

Малькевич ал маегинде эч далилсиз эле «Азаттыкты» фейк маалымат даярдоого айыптаган. Ал эми 2022-жылдын 26-октябрында Кыргызстандын Маданият министрлиги «Азаттыктын» сайтын бөгөттөгөн.

Маектин соңунда Малькевич ачык эле келечекке карата багыттарды айткан:

«Бул жыл жеңил болбойт, жалган маалымат таратуу технологиялары өнүгүп жатат. Демек, бардык кызыктар тараптар бул маселеге өтө олуттуу мамиле кылып, мыйзамдарды да өзгөртүү керек.

Мына, Орусия созуп жүрүп, 2020-жылдын аягында гана чет элдик агенттердин да, ЖМК-чет элдик агенттердин да ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча мыйзамдар топтомун кабыл алды. Аны да катаалыраак кылса болмок, бирок азырынча ушундай. А Кыргызстанда болсо — аткарыла турган иштер дагы көп...»

Кийинки окуялар көрсөткөндөй, Пригожиндин саясий технологдору ал иштерди ийгиликтүү аткарышкан.

Диктатуранын чабарманы

2021-жылдын 9-январында, жымжырттык күнү орусиялык «Хайли Лайкли» телеграм-каналы Александр Малькевичтин дагы бир маегин жарыялаган. Анда ал көз карандысыз байкоочу катары эмес, Жапаровдун тарапташы катары сүйлөгөн.

«Талапкерлердин кимиси орусиячыл? Андайлар барбы?

Талапкерлердин ичинен Орусияга эң эле ымаласы ысык Садыр Жапаров. Менин пикиримде, ал шайлоодо жеңишке жете ала турган жалгыз реалдуу талапкер.

Ал жеңишке жетиши мүмкүнбү?

Менин баамымда, биринчиден ал алгачкы айлампада эле жеңишке жетет. Экинчиден, ал добуштардын 55-57 пайызынан 65-68 пайызына чейинкисин алышы мүмкүн. Бул өтө абайлап берген баам. Анткени айрым социологдор талапкерлердин көп экенинине карабастан, ал добуштардын 75-80% алат деп айтып жатышат».

Cүрөт:«Media Малькевич» телеграм-каналы

2021-жылдын 10-январында, добуш берүү күнү Александр Малькевич шайлоо тилкесине барып, Жапаров менен жубайын сүрөткө тартып, аны интернетке жайгаштырган. Сүрөттүн алдына Жапаровдун «Коммерсант» басылмасына берген маегинин шилтемесин жана шайлоо алдындагы программасын тиркеген. Жапаров ал маегинде түрмөдө отурганда 50 Вотсап-тайпа түзүп, тарапташтарын көбөйткөнүн айткан болчу.

2021-жылдын 14-январында «Комсомольская правда» басылмасына Малькевичтин «Кыргызстандагы шайлоо: Орусия кнадай үлгү алса болот?» деген аталыштагы макаласы жарыяланган. Анда ал биздин шайлоо системабыз жана электрондук добуш берүүнүн өзгөчөлүгү жөнүндө көптөгөн мактоо сөздөрүн жазган. Мындан тышкары кайра эле «чет өлкөлүк кийлигишүү» темасын козгогон.

«Айрым эксперттер акыркы жылдары чет мамлекеттер Кыргызстандын ЖМКлары менен бейөкмөт уюмдарына 700 млн. сомго жакын (600 млн. рублдан ашык) каражат берген деп эсептешет. Бул маалыматтык экспансия жөнүндө, ошондой эле биз Орусияда жасап жаткандай өлкөнүн эгемендиги үчүн мыйзамдык деңгээлде күрөш жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө айтууга мүмкүндүк берүүдө», — деп жазган Малькевич.

Бул жерде маселе Кыргызстан үчүн Малькевичтин өзү да чет өлкөлүк экендигинде жана анын билдирүүлөрүн да «кийлигишүү», «маалыматтык экспансия» деп атоого мүмкүн экендигинде.  

Ачык айыптоолордун чебери

Бул «байкоочунун» бетпактыгы ушунчага жетти дейсиңер, ал өзү «чет элдик агент» деп эсептеген биздин жарандар менен ЖМКларды ачык эле айыптаган. Малькевич Гүлнара Журабаевадан тышкары Атыр Абдрахматовага да өзүнчө пост арнаган.

10-январда ал БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова «өжөрлүк менен» билдирип жаткан майда мыйзам бузуулар болгону жөнүндө жазган.

«Бүгүнкү күндө Атыр Абдрахматова “Биздин добуш” (бардыгы тааныш, кайра эле “атайын”-бейөкмөт уюм) коомдук фондунун кеңешинин мүчөсү, чет өлкөлүк түрдүү фонддордон гранттарды алган «Кактус медиа» басылмасы менен тыгыз кызматташат.

Кошумчалап кетейин, ал өзү да чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдар менен байланышы бар деген репутацияга ээ

Кыскасы, баары «классика боюнча»: шайлоо процессине шек келтирүү боюнча дагы бир технологиянын кандай иштей турганын көрүп жатабыз - “экспертти” атайын даярдалган ЖМКлар аркылуу пландуу түрдө жарнамалашат».

Малькевичтин Кыргызстандагы шайлоо тууралуу акыркы билдирүүсү 2021-жылдын 16-январында чыккан. Бул жолкусунда орусиялык саясий технолог «Клооптун» редакциясын айыптап, аны чет элдик агент деп атаган. Анткени «Клооп» да шайлоодо жапырт мыйзам бузуулар болгону жөнүндө жазган.

«Эми #чет өлкөлүк кийлигишүү жөнүндө⬇

«Клооп Медиа» коомдук фондунун (чет элдик агент) байкоочулары “Кыргызстан боюнча 1 500 мыйзам бузуу каттаганын” билдиришти.  “Биздин юристтер 210 шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылууда”, — деп жазды «Клооп». Башкача айтканда, «Клооп» өлкөдөгү шайлоо тилкелеринин бери дегенде эле 8 пайызында добуш берүүнүн жыйынтыктарына шек келтире турган мыйзам бузуулар болду деп эсептейт.

Орундуу суроо пайда болууда: булар кимдер? Жообу жөнөкөй – биздеги «Добуш» кыймылынын кыргыз варианты.

Малькевич шайлоого байкоочуларды даярдаган «Клооптун» окутууларына да шек келтирүүгө аракет кылган.

«Белгилеп кетиш керек, байкоочуларды окутуу — шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларын объективдүү каттоого эмес, чагымчыл маалыматтык себептерди түзүүгө көбүрөөк багытталган. Мындан тышкары керектүү маалыматтык фон түзүү жана жарандардын чечим чыгаруусуна чындап таасир этүү милдети коюлган. Өз кезегинде бул талапкерлердин биринин кадырын түшүрүү максатын көздөгөнүн көрсөтүүдө».

Кызыгы, ал «талапкерлердин бири» деген сөзү менен кимди айткысы келген?

XXI кылымдын каракчылары

Евгений Пригожиндин аскердик, медиалык жана саясий технологиялык «ашканалары»  кандай иштегени жөнүндө көп жазылган. Анын бир катар өлкөлөрдөгү шайлоолорго таасир эткен саясий технологдорунун арасында Малькевич менен Петр Бычков да бар.

Пригожинге саясий технологдордун борборлору жана түрдүү өлкөлөрдүн шайлоолоруна таасир этүү эмне үчүн керек болгон? Максаттарынын бири төмөндө. 

«Аны Сирияда, Мадагаскарда, Суданда жана Борбордук Африка Республикасында биринчи кезекте жаратылыш ресурстары — мунай, алтын, алмаз жана башкалар кызыктырат. Буларга жетүү үчүн ага ымаласы жакшы жергиликтүү саясатчылар керек болот. Алар менен жакшы мамиле түзүү үчүн Пригожин өзүнүн саясий технологдору менен медиа-менеджерлерин жөнөтүп, шайлоодо алардын жеңишин камсыз кылып бериши керек», — деп жазат «Русмонитор». 

Пригожин ишке ашпай калган козголоңунан кийин табышмактуу түрдө каза болгон, бирок анын иши уланууда. Орусиянын бийлиги жана атайын кызматы менен байланышы бар орусиялык бизнес үчүн Кыргызстанда казыле элек түрдүү кен байлыктар сыяктуу «майлуу жерлер» дагы деле бар. Анан да коңшу өлкөнүн бийлигинде сага ымаласы ысык, ишенимдүү адамдын болгону ыңгайлуу эмеспи.

Садыр Жапаровдун саясий карьерасындагы эң башкы идея эмне болгон? «Кумтөрдү» Кыргызстанга кайтарабыз. Ири алтын кен улутташтырылды. Бирок ал жакта чынында эмне болуп, ким "башкарып" жана алтын кайда чыгарылып жатканы — белгисиз. Ачыктык да, отчеттуулук да жок.

Парламент аркылуу Малькевич көп жазган «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзамды гана эмес, Ысык-Көлдө уран иштетүүгө уруксат берген долбоорду да өткөрүп алышты. Кыргызстанга радиоактивдүү калдыктарды рекультивация кылууга «Росатом» жардам берип жатат. Ошентип, пазлдар ордуна келүүдө. 

«Бардыгы ачык-айкын болгон»

Малькевич талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясын уюштурууга саясий технолог, медиа-менеджер жана кеңешчи катары катышкан-катышпаганы тууралуу түз суроого таң калгандай түр көрсөтүп жооп берди. Анын айтымында, «ал мындай сандырак кептин кайдан чыкканын да түшүнбөй турат».  

«Мен силердин өлкөдө 2021-жылдын январындагы шайлоо маалында үч күн болгом. Анткени Орусиянын Коомдук палатасынын курамында байкоочу элем, — деп кайталады Малькевич расмий версияны. — Чынында мен палатанын атынан дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндөгү шайлоолорго барып, шайлоо комиссиялары менен жолуккам. Мунун баары ачык-айкын болгон. Силердин телеканалдарыңарда сүйлөп, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү боюнча өз оюмду билдиргем. Мен шайлоо тилкелеринин иши гимнди аткаруу менен башталганына таң калгам. Кийин Орусияда да ушундай кылуу демилгесин көтөрүп, жалпы аракеттер менен тиешелүү мыйзамды кабыл алууга жетиштик. А мындай суроолорду берип, ушундай маалыматтарды таратып жаткандар ачык булактар менен иштей албаган сабатсыздар же жалган маалымат таратуу үчүн атайылап жасап жаткан адамдар. Алардын максаты кандай экени талаштуу суроо. Балким ойдон чыгарылган сенсацияларды жаратуу үчүндүр. Бизде бардыгы ачык-айкын болгон», — деди Малькевич.

Бирок анын «сандырак кеп» дегени таптакыр эле четке кагуу эмес. Малькевичтен түз берилген суроого «жок» деген түз жооп ала алган жокпуз. Бул түшүнүктүү: анткени Малькевич бизге эмнелер белгилүү экенин билген эмес.  

А Петр Бычковчу? Пригожиндин бул кадры Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгүнөн бери Кыргызстанда бекем орун очок алды. Кыргыз-орус славян университетинин сайтында ал окуу жайдын стратегиялык коммуникациялар боюнча проректору деп көрсөтүлгөн. Бирок кызматкерлеринин айтымында, ал ЖОЖдо быйыл март айынан бери иштебей калган. Кийинки макалаларда Бычков жөнүндө кеңири баяндалат.

Лейла Саралаева 

(Уландысы бар)