Сот Кемпир-Абад иши боюнча арызды кароону 13-сентябрга жылдырды

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда прокуратуранын апелляциялык арызын кароо боюнча отурум өтүшү керек болчу. Бирок шаардык сот «Клоопко» отурум 13-сентябрга жылдырылганын билдирди.

Буга чейин Азимбек Бекназаров менен Илгиз Шаменов аларга коомдук жактоочу берүүнү өтүнүшкөн.

«Сот алардын өтүнүчүн канааттандырды. Аларга эки жактоочу берилди. Адвокаттар иштин материалдары менен таанышууга убакыт берүүнү суранды. Сот аларга 13-сентябрга чейин убакыт берди», — деп билдирди иш боюнча айыпталып жаткандардын бири Равшан Жеенбеков.

14-июнда Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кылмыштын курамы жок деген негизде 27 айыпталуучунун 22син актаган. Беш айыпталуучунун иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

Буга чейин мамлекеттик айыптоо соттон «Массалык башаламандык уюштурууга даярданууга» айыпталып жаткандардын баарын мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

12-июлда прокуратура Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча апелляциялык арыз берип, айыпталуучуларды күнөөлүү деп табууну өтүнгөн.