Ташиев: Кылмыштуу дүйнөнү түп тамыры менен жок кылып, элге шарт түзөбүз

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 29-августта Жалал-Абад облусунун тургундары менен жолукканда «кылмыштуу дүйнөнү биротоло жоюп, карапайым элге шарт түзөбүз» деп билдирди.

«Мындан ары “смотрящий”, “положенец”, “вор в законе” дегендер болбойт. Аларды түп тамыры менен жок кылабыз. Жөнөкөй адамдар, эл мыйзам чегинде кыйналбастан, өзүнүн тапканын өзүнө, үй-бүлөсүнө гана жумшай турган болсун. Буга чейин мамлекеттик чоң кызматта иштегендер, чиновниктер, төрт баланы ээрчитип алып көрүнгөн жерде бандит болгондор жакшы жашап келген, туурабы? Эми андай болбойт», — деди ал. 

Ташиев мындан ары мамлекеттик кызматка баюуну көздөгөндөр эмес, элге ак кызмат кылам дегендер гана келет деп кошумчалады. 

«Мыйзамдуу түрдө жөнөкөй адамдарга шарт түзөбүз. Мындан ары мамлекеттик кызматка “байыйм” деп эч ким келбейт. Себеби, алардын ошондой мүмкүнчүлүгүн алып койдук. Мындан ары мамлекетке ак кызмат кылам дегендер гана келет», — деди Ташиев.