ТИМ: Германиядагы кол салуудан кийин кармалган кыргызстандык өспүрүм бошотулду

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Германиянын Золинген шаарындагы кол салуудан кийин күбө катары кармалган 15 жаштагы өспүрүм бошотулганын маалымдады.

«Германиядагы элчиликтин маалыматы боюнча, Германиянын укук коргоо органдары өспүрүм Кыргызстандын жараны экенин аныкташкан. Ал болгон окуянын жагдайларын тактоо үчүн күбө катары кармалган. 25-августта бошотулду»,
— дешти министрликтен.

ТИМ өспүрүмдүн үй-бүлөсү кыргыз элчилигине жардам сурап кайрылбаганын белгиледи. Der Spiegel журналынын маалыматына ылайык, өспүрүм качкындар үчүн борбордо жашаган жана киши өлтүрүүгө шектелген адам менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Германияда 23-августта фестивалда бычак менен куралданшан киши адамдарга кол салган. Натыйжада үч киши каза болуп, сегиз адам жаракат алган.

Bild гезитинин маалыматына ылайык, кол салууга шектелген киши 24-августта полицияга өзү барып, «Ислам мамлекети» уюмунун мүчөсү экенин билдирген. Аталган уюм да кылмышка катыштыгы бар экенин кабарлаган. Германиянын федералдык прокуратурасы 25-августта терроризмге шектүүлөргө каршы тергөө ишин баштаган.