Жаңы «Ак үйдүн» жумушчулары айлык төлөнбөй жатканын айтышууда. Туманбаев мамлекеттин аларга карызы жок деп билдирди

Соцтармактарда жаңы «Ак үйдүн» имаратын куруп жаткан жумушчулар тобунун видео кайрылуусу тарады. Алар 150 адам «Делюкс групп» ишканасы менен келишим түзгөнүн, бирок ушул жылдын июлунан бери айлыктары төлөнбөй жатканын билдиришти.

«Жумуш аяктагандан кийин төлөмдөрдү кечиктирип жатышат. Эки айдан бери айлык жок. 10-сентябрга чейин төлөйбүз дешти. "Биз ал убакка чейин эмне кылабыз?" деген суроого "кааласаңар - иштегиле, каалабасаңар - кеткиле" деп жооп беришти»,
— деп билдиришти жумушчулар.

Ал эми президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев мамлекеттин «эч кимге карызы жок» экенин билдирди.

«Мен да жумушчулардын бул видео кайрылуусун көрдүм. “Биринчиден, жаңы Ак үйдүн курулушу боюнча мамлекет бардык төлөмдөрдү жүргүзүп бүткөн. Башкача айтканда, биздин эч кимге карызыбыз жок. Экинчиден, “Делюкс групп” деген жалданма компания тууралуу маселе көтөрүшүптүр. Мен бул компания тууралуу биринчи жолу угуп жатам. Андай компания менен иштешкен эмеспиз, тааныбайбыз дагы. Биз иштешкен компаниялар кандай жалданма компаниялар менен иштегенин билбейбиз жана аларга тиешебиз жок»,
— деди Туманбаев.

«Азаттыктын» маалыматы боюнча, «Делюкс Групп» компаниясы жумушчулардын кайрылуусуна жооп берип, «айлыкты 10-сентябрга чейин толук төлөйбүз» деп убадалаган.

Жаңы президенттик администрациянын «Ынтымак — Манас Ордо» имараты 2023-жылдын жазында Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мурдагы «Ыссык-Көл» мейманканасынын ордунда курула баштаган. Имарат 30-августта ачылат. Президенттик администрация менен Минкабдын кызматкерлери жаңы имаратка качан көчөрү белгисиз.