Айтурган Маматкулованын өлүмүнө шектүү катары кармалган күйөөсү эки айга ТИЗО-1ге камалды. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алды.
Маматкулова 7-июлда Бишкектеги №4 ооруканада көз жумган. Маркумдун кайын журту ал «дары ичип алып, ооруканага түшкөнүн» айткан.
Айтургандын жакындары бул версияга ишенбей, аны күйөөсү өлтүргөнүн айтып жатышат. Бул боюнча «Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Милиция шектүүнү 30-августта кармаган.