Баткен: 28 жаштагы тургун вино заводдо иске ууланып каза болду

Image descriptionБаткен районунун Чоң-Талаа айылында вино сактоочу жайдагы он тонналык идиштерди тазалоо учурунда эки киши иске ууланап, 28 жаштагы тургун каза тапты. Бул тууралуу 2-сентябрда облустук милициядан кабарлашты.

«Турмуш» басылмасы иске уулангандардын бири, 51 жаштагы тургун ооруканага жеткирилгенин жазды.

«Маркумдун жакындары соттук-медициналык кароодон баш тартып, сөөктү ооуканадан алып кетишкен. Бул окуя Баткен РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат», — дешти милициядан.

Иллюстративдик сүрөт