Өлкөнүн алыскы аймактарындагы мектептерге 50 автобус берилет

Image descriptionБүгүн саат 17:00дө Усубалиев атындагы аянтта «Евразия» эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү уюму өкмөткө мектеп автобустарынын ачкычын тапшырат. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышат.

Билим берүү министрлиги Минкаб менен аталган уюмдүн өкүлдөрү Евразия мейкиндигинде салттуу баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө боюнча келишимге кол коюшарын билдирди.

«Келишимдин алкагында “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму республикага заманбап коопсуздук стандарттарына ылайык жабдылган 50 мектеп автобусун өткөрүп берет», — дешти министрликтен.

Азырынча уюм мектеп автобустарын өкмөткө кандай негизде (грант же кредиттике) бергени белгисиз. Министрликтен бул боюнча автобустарды тапшыруу аземинде толук маалымат берилерин белгилешти.