Нарын облустук милициясынан аялын бычак менен сайып салган 42 жаштагы шектүүнүн баш корго чарасы каралып, эки айга камакка алынганын билдирди.
Окуя 31-августта болгон. Милицияга тургундардын бири кайрылып Он-Арча базарында бир адам аялын бычак менен сайып салганын кабарлаган.
Жерине барган милиция кызматкерлери жабырлануучу Он-Арча базарында ашпозчу болуш иштеген 41 жаштагы аял экенин, аны жолдошу бычактаганын аныктаган.
Жабырлануучу азыр Нарын облустук оорукананын хирургия бөлүмүндө. Милициядан анын абалы туруктуу экенин белгилешти. Окуянын чоо-жайы такталууда.
ИИМ өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук учурлары көбөйгөнүн билдирген. Маалыматка ылайык, быйыл төрт айда эле үй-бүлөлүк зомбулуктун 4767 учуру катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 632 учурга көп.