Ош: Киров мектебинен бомба табылган жок

Image descriptionОш шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан Киров мектебинен жардыруучу зат табылган жок. Бул тууралуу «Клоопко» шаардык милициядан билдиришти.

«Шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана башка күч түзүмдөрү барып, аталган мектептин ичи-сыртына толук карап чыкты. Жардыргыч зат бар деген маалымат чындыкка туура келбегендиктен, саат 16:20да өздүк курам кызмат орундарына кайтты», — дешти милициядан.

Сүрөт: Kloop