Бишкек шаарынын Панфилов көчөсүндөгү жатаканалардын биринин жуунуучу бөлмөсүндө 21 жаштагы жигиттин сөөгү асынган абалда табылды.
Биринчи май райондук милициясынын маалыматына ылайык, бул тууралуу кабар 30-август саат 14:20 чамасында түшкөн.
Бул факт «Өзүн-өзү өлтүрүүгө чакыруу» беренеси менен катталып, шектү катары 25 жана 28 жаштагы тургундар кармалды.