Адамдын жүзүн таанууга тоскоолдук кылган кийим кийүү үчүн айып салуу сунушталды

Image descriptionДин иштери боюнча мамлекеттик комиссия «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгеледи. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документтин түшүндүрмөсүндө дин тутуу тармагындагы айрым маселелерди, анын ичинде адамдын жүзүн жапкан диний кийимдерди күйүүнү мамлекеттик деңгээлде көзөмөлдөө керектиги жазылган.

Демилгечилер мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн таанууга тоскоолдук кылган кийим кийген жеке жактарга 20 миң сом айып салууну сунуштап жатышат. Бул адамдын кызматтык ишмердүүлүгүнө же медициналык кызыкчылыктарга байланышкан жүзүн жапкан кийимдерге тиешелүү болбойт.

Мындан тышкары демилгечилер динди жайылтуу максатында үй, бала бакча, мектептерди жана мамлекеттик мекемелерди кыдыруу үчүн каралган айып пулдун өлчөмүн көбөйтүүнү сунушташты.Бул үчүн жеке жактарга 20 миң сом (азыр 5500 сом), юридикалык жактарга 65 миң сом (азыр 17 миң сом) салынат.