Бишкекте 100 миң киши бата турган жаңы аянт куруу каралууда

Image descriptionМаданият министрлиги Бишкектеги Ала-Тоо аянтына караганда көп адам бата турган жаңы аянт курууну көздөп жатат. Маалыматты мекеменин басма сөз кызматы ырастады.

Министрликтен мындай идея өлкөнүн Эгемендик майрамын белгилегенден кийин келгенин белгилешти. Маалыматка ылайык, азырынча бул пландоо баскычында — аянттын ыктымал жайгашкан орду жана каржылоо маселеси Министрлер кабинети менен макулдашылууда.

«Эгемендик күнүнөн кийин жаңы аянт керек экенин сездик. Бардык чоң шаарларда ушундай бар — эски жана жаңы борбор. Балким ушул сыяктуу кылабыз. Шаар өсүп жатканы байкалууда», — деп билдиришти мекемеден.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, Эгемендик күнүнө арналган иш-чаранү көрүү үчүн Ала-Тоо аянтына 89 миң киши барган.