Чүйдөгү беш унаа кырсыктаган окуя: Каза тапкандар онго жетти

Image descriptionБишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 51-чакырымында болгон жол кырсыгынан каза тапкандардын саны он кишиге жетти. Бул тууралуу «Клоопко» 3-сентябрда саламаттык сактоо министрлигинин Чүй облусундагы координатору Алмаз Назарбеков тастыктады.

Маалыматка ылайык, кырсыктан жаракат алган беш киши Токмоктогу, бирөө Бишкекте, дагы бирөө Кант шаарындагы ооруканада жатат.

1-сентябрда саат 15:20 чамасында Токмокко жакын жерде үч жеңил унаа жана эки спринтер кырсыкка кабылып, жети киши каза болгон. Кырсыкка жүрүп бараткан жеңил унаалардын биринин дөңгөлөгү жарылып кеткени себеп болгон.