Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр курамасы Азия чемпионатында он медаль жеңди

Image descriptionТүштүк Кореянын Мунген шаарында өткөн Азия чемпинатында Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курамасынын мүчөлөр эки алтын жана сегиз коло медаль жеңди.

Жаштар арасында (U-20) алтын медалга Эржан Канатбеков менен Эмирхан Жолдошбеков ээ болду.

Ал эми өспүрүмдөр арасында (U-17) Марсель Түмөнбаев, Адис Орозмаматов, Айдай Какитаева жана Азима Конокбаева коло медалга татыса, жаштар арасында (U-20) Алина Молдокулова, Жанара Жолдошева, Мырзайым Дүйшөнбекова жана Адина Көчкөнбекова 3-орунду ээлешти.

Курама команда улук машыктыруучулар Жаркынбек Шамбетов, Эрмек Сариев, Тимур Өмүрбеков жана Алибек Чороевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.