Түштүк Кореянын Мунген шаарында өткөн Азия чемпинатында Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курамасынын мүчөлөр эки алтын жана сегиз коло медаль жеңди.
Жаштар арасында (U-20) алтын медалга Эржан Канатбеков менен Эмирхан Жолдошбеков ээ болду.
Ал эми өспүрүмдөр арасында (U-17) Марсель Түмөнбаев, Адис Орозмаматов, Айдай Какитаева жана Азима Конокбаева коло медалга татыса, жаштар арасында (U-20) Алина Молдокулова, Жанара Жолдошева, Мырзайым Дүйшөнбекова жана Адина Көчкөнбекова 3-орунду ээлешти.
Курама команда улук машыктыруучулар Жаркынбек Шамбетов, Эрмек Сариев, Тимур Өмүрбеков жана Алибек Чороевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.