Президент «Клооптун» жабылганы сөз эркиндигине терс таасирин тийгизбейт деп эсептейт

3-сетябрда президент Садыр Жапаров «Клооп Медиа» коомдук фондунун жабылганы тууралуу пикирин билдирди. Ал уюмдун жабылганы өлкөдөгү «сөз эркиндигине терс таасирин тийгизбейт» деп эсептейт.

«Иликтөөлөрдү бир жактуу, бирөө жарымды каралоо максатында болгон үчүн жаап жатса керек да. Соттор деле жөндөн-жөн чечим кабыл албаса керек. Далай жолу өзүңөр деле көрбөдүңөрбү бир жактуу каралаган, жалган материалдарды таратканын», — деген пикирин билдирди ал.

Жапаров бийлик «эки жактуу иликтөө жүргүзгөндөрдү колдой турганын, ууру жана коррупция кылып жаткандарды жазалайбыз» деп белгиледи.

Ошондой эле ал өлкөдө «сөз эркинди болуп келген жана боло берет» деген пикрин айтып, «ушак-айың, жалган маалымат таратуу сөз эркиндиги эмес» деп кошумчалады.

Былтыр 28-августта Бишкек шаардык прокуратурасы Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндө доо арыз берген. Документте доонун себеби катары басылма «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылган.

Ошол эле маалда документтин чоң бөлүгү таптакыр башка темага арналган — «Клооптун» макалалары Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жаткан имиш.

Бир катар беделдүү эл аралык укук коргоо уюмдары жана медиакоомчулук «Клоопту» коргогон билдирүүлөрдү жасашкан. Алардын баары кыргыз бийлигин басылмага каршы арызды кайтарып алууга, журналисттерге карата куугунтукту жана сөз эркиндигине карата басымды токтотууга чакырышкан.