Президенттик администрациянын эски имаратына эки министрлик көчөт

Image descriptionМинистрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун чечими менен буга чейин президенттик администрация ээлеп турган Токтоболот Абдумомунов көчөсүндөгү имарат Тышкы иштер жана Экономика министрликтерине берилди.

Минкабдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жапаров министрлер Жээнбек Кулубаев менен Данияр Амангелдиевге иш бөлмөлөрүнүн ачкычтарын тапшырды.

«Акылбек Жапаров жаңы имарат кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатарына ишенерин билдирди. Ал мекемелердин алдында турган милдеттердин маанилүүлүгүн белгилеп, аларга жаңы шартта ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалады»,
— деп билдиришти Минкабдан.

Sputnik Kyrgyzstan'дын маалыматына ылайык, Экономика министрлигинин имараты Мамлекеттик салык кызматына убактылуу — Бишкекте жети кабаттуу С формасындагы жаңы имарат курулуп бүткөнгө чейин берилиши мүмкүн.