Өзгөндөгү бала бакчада эки жашар наристе каналга түшүп кетип каза тапты

Image descriptionОш облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл аймагындагы бала бакчалардын биринде эки жашар бала каналга түшүп кетип каза тапты.

Ош облустук милициянын маалыматына ылайык, 8-августта Кароол айыл аймагындагы бала бакчалардын биринде эки жашар бала чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында дайынсыз болуп жаткан наристе бала бакчанын жанында аккан каналга түшүп кетип каза тапканы маалым болгон.

«Окуя боюнча күбөлөр суралып, өлүмдүн себебин аныктоо боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалган. Анын ата-энеси окуя боюнча эч кимге арыз-доосу жоктугун билдиришип, арыз жазуудан баш тартышкан», — дешти милициядан.

Учурда тергөө уланууда.

Иллюстративдик сүрөт