Журналист Адыл Акжол уулуна дагы бир кылмыш иши козголду

УТРКнын директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулуна карата дагы бир кылмыш иши козголгонун «Клоопко» Ош ОИИБден билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, 22-июлда журналисттин үстүнөн Ысык-Көл облусунун тургуну УКМКга арыз менен кайрылган. Анда Акжол уулу 8-июлда YouTube каналында анын катышуусунда тартылган видеону өчүрүү үчүн ири өлчөмдө акча талап кылганын билдирген.

Милиция менен УКМК текшерүү жүргүзүп, экспертизанын жыйынтыгында Акжол уулуна карата «Опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Буга чейин журналистке WhatsApp тайпадагы билдирүүлөргө байланыштуу «массалык башаламандыкка чакыруу» айыбы тагылган. Акжол уулунун кармалганы 12-августта белгилүү болуп, соттун чечими менен 4-октябрга чейин тергөө абагына камалган.

Журналист июлдун аягында YouTube-каналына Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын кайын атасынын маегин жарыялаган.

Видео соцсүйүн колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жараткан. Айрым журналисттер маек бир жактуу болуп калганын, Акжол уулу аны сындап жазгандарды уят сөздөр менен сөккөнүн айтып чыгышкан.

Айтурган Маматкулова менен бир жыл никеде жашаган күйөөсү ал өз жанын кыюу үчүн дары ичип алганын айтууда. Маркумдун жакындары бул версияга ишенбей, Айтургандын өлүмүнө күйөө баласын айыптап, анын денесинде көгала тактар болгонун айтып келишет.

Маматкулованын өлүмү боюнча «Өз өмүрүн кыюуга чейин жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.