Бүгүн Бишкек шаардык сотунда 11 журналисттын иши боюнча кезектеги сот отуруму өттү.
Шаардык сот аппелияцияны канааттандырган жок, Ленин райондук сотунун чечими өзгөрүүсүз калды — Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров, Айке Бейшекеева жана Азамат Ишенбеков 8-октябрга чейин ТИЗО-1де камакта болот.
Temirov Live’дын азыркы жана мурдагы 11 журналисти 16-январда кармалган. Тогузуна «башаламандыкка чакыруу» боюнча айып тагылса, долбоор жетекчиси Махабат Тажибек кызы менен журналист Актилек Капаров ошол чакырыкты «уюштурууга» айыпталган.
Кийин сот кармалгандардын айрымдарын эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарган. Аталган иштин фигуранттары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эмес.