Акыйкатчы: Нарында күйөөсү бычактаган келин буга чейин да үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган

Акыйкатчынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү күйөөсү тарабынан бычакталып, оор абалда ооруканада жаткан келинден кабар алды.

Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, анын бетинде, моюнунда, көкүрөк клеткасында, курсагында жана эки далысында бычактан алган көптөгөн жаракаттары бар.

«Жабырлануучу күйөөсү кайра келиши мүмкүн деп коркуп жатат. Ошондой эле ал балдары үчүн сарысанаа болууда. Анын айтымында, буга чейин күйөөсү ага бир нече жолу кол көтөргөн. 2024-жылы июлда кезектеги уруштан кийин ал үч баласын алып үйдөн кетип калган. 31-августта күйөөсү мас абалында анын иштеген жерине барып, ага бычак менен кол салган»,
— деп билдиришти мекемеден.

Бул ишке байланыштуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерин аялдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө чакырды.

«Зомбулуктун алдын алуу үчүн иштей турган механизмдерди кабыл алуу талап кылынат. Ошондой эле зомбулук курмандыктарынын — аялдар менен балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык аракеттерди көрүү маанилүү. Нарындагы үрөй учурган окуя кайталанбашы керек»,
— деди ал.

41 жаштагы келинге кол салуу 31-августта Нарындагы «Он-Арча» базарында жайгашкан ашканада болгон. Милициянын маалыматына ылайык, күйөөсү аялын бачыктап, ал ооруканага жеткирилген. 42 жаштагы айыпталуучу кармалып, эки айга камакка алынган. Кол салуу боюнча «Бейбаштык максатта, өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракеттенүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Буга чейин ИИМ өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук учурлары көбөйгөнүн билдирген. Мекеменин маалыматына ылайык, 2024-жылдын төрт айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 4767 учуру катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 632 учурга көп.

Башкы прокуратура акыркы 2,5 жылдын ичинде Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 34 аял каза болгонун билдирген.