Депутат Масалиев ЖККУнун алкагында Орусияга жардам берүүгө чакырды

Депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин 4-сентябрындагы жыйынында Жамааттык коопсуздук келишими уюму боюнча өнөктөш катары Орусияга жардам берүүгө чакырды.

«Эки жылдан бери Орусия менен Украинанын ортосунда аскердик аракеттер, ачык айтканда согуш болуп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин ал биздин өнөктөш Орусиянын ички иши болчу. Биз нейтралдуу позицияны ээлеп турганбыз жана аны туура деп эсептейм», — деди Масалиев.

Депутат Орусияда бир миллиондой кыргызстандык иштеп жүргөнүн белгилеп, акыркы айдан баштап бул өлкөнүн 15 аймагына ракеталардын учурулуп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

«Ушул маселе боюнча терең изилдеп туруп, керектүү чечимдерге барышыбыз керек», — деди ал.

Августтун башында Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын Курск облусуна кирип барып, ондогон калктуу конуштарын басып алган.

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда толук масштабдуу кол салган. Андан бери Украинада согуштук аракеттер уланууда. Борбор Азия өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгы, анын ичинде Кыргызстан да нейтралдуу позицияны карманышарын билдиришкен.

ЖККУга Кыргызстан, Беларус, Казакстан, Армения, Тажикстан жана Орусия мүчө.