Испаниянын Понтеведре шаарында өтүп жаткан 20 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар Асан Жанышев алтын, Самаган Ормонов коло медаль утту.
Асан Жанышев 87 килограмм салмакта килемге чыгып, алгачкы беттештен баштап Грузия, Швеция жана Румыниядан келген спортчуларды жеңген. Финалда азербайжандык Жожу Самадовду 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, Дүйнө чемпиону аталды.
Ал эми 130 килограмм салмакта күч сынашкан Самаган Ормонов, алгач чехиялык балбанды жеңип, жарым чейрек финалда ирандык спортчуга утулуп калган. Көңүл жубатуучу беттеште азербайжандык балбанды, коло үчүн күрөштө армениялык спортчуну жеңди.
20 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионаты 2-7-сентябрь күндөрү Испаниянын Понтеведре шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандан грек-рим күрөшү боюнча 10 спортчу, эркин күрөш боюнча тогуз, кыз-келиндер күрөшү боюнча төрт спортчу катышууда.