Маданият министрлиги «Азаттыкка» катуу эскертүү берди

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук барагында жазды.

«Министрликтин бул чечимине аталган медианын жалган маалыматтарды: мамлекет башчысы Садыр Жапаровго шайлоо өнөктүгү учурунда маркум Евгений Пригожиндин жакын адамдары жардам берген деген чындыкка коошпогон маалыматтарды таркатуусу себеп болгону белгиленет»,
— деп айтылат билдирүүдө.

Алагөзов бул материал «Азаттыктын» Кыргызстандын жогорку жетекчилигин «атайылап каралоого багытталган редакциялык саясатынын бир бөлүгү болсо, анда күн тартибине ушундай медиа керекпи деген маселе чыгышы мүмкүн» деп белгиледи.

Буга чейин Маданият министрлиги «Жаңы жүздөр» басылмасына жарыяланган «Бишкекке жүрүш. ЧВК Вагнердин ээсинин кишилери Кыргызстандын президентин шайлоого кантип жардамдашкан?» деген аталыштагы макаланы өчүрүүнү талап кылган.

30-августта «Жаңы жүздөр» жана «Клооптун» сайттарына жарыяланган макалада Саралаева Садыр Жапаровдун 2021-жылдагы шайлоо өнөктүгүнө «ЧВК Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин айланасындагы орусиялык саясий технологдордун катышканы ыктымал экенин жазган.