Маданият министрлиги орус саясий технологдору менен Жапаровдун шайлоо штабынын байланышы тууралуу макаланы өчүрүүнү талап кылды

Маданият министрлиги «Жаңы жүздөр» басылмасынын сайтына жарыяланган «Бишкекке жүрүш. ЧВК Вагнердин ээсинин кишилери Кыргызстандын президентин шайлоого кантип жардамдашкан?» деген аталыштагы макаланы бир сутканын ичинде өчүрүүнү талап кылды. Бул тууралуу мекемеден тиешелүү кагазды алган макаланын автору жана «Жаңы жүздөрдүн» редактору Лейла Саралаева билдирди.

Министрликтин документинде буга макалада «Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы компаниясына Пригожинге жакын саясий технолог Александр Малькевич жардам берген» деген маанидеги жалган маалымат бар экени себеп болгону жазылган. Ошол эле маалда документте бул маалыматтын жалган экенинин далилдери келтирилген эмес.

«”Массалык маалымат каражаттары” жана “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо” жөнүндө мыйзамдарга ылайык, жалган маалымат таратуу үчүн жоопкерчилик каралган», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

30-августта «Жаңы жүздөрдүн» жана «Клооптун» сайттарына жарыяланган макалада Садыр Жапаровдун 2021-жылдагы шайлоодо артыкчылык менен жеңишке жетишинин сыры — талапкердин штабы жүргүзгөн ийгиликтүү шайлоо өнөктүгү болгону жөнүндө жазылган. Саралаева ал өнөктүккө ЧВК Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин айланасындагы орусиялык саясий технологдордун катышканы ыктымал экенин аныктап чыккан.