Бүгүн, 10-сентябрда Дүйнө чемпионатына тандоо баскычынын үчүнчү раундунун экинчи беттешинде Кыргызстан улуттук курамасы Өзбекстанга 3:2 эсебинде жеңилди.
Кыргызстан кезектеги беттешин 10-октябрда Катар курамасына каршы өткөрөт.
5-сентябрда кыргыз курамасы 3-раунддагы алгачкы беттешинде Иранга 0:1 эсебинде утулуп калган.
Июнь айынын башында Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарында Кыргызстан Оман менен тең чыгып, тарыхта биринчи жолу Дүйнө чемпионатына тандоонун үчүнчү баскычына жана 2027-жылкы Азия кубогуна жолдомо алган. Ага чейин Малайзия менен беттешип, анда да оюн тең чыгуу менен аяктаган.
Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2026-жылы АКШ, Мексика жана Канаданын 16 шаарында өтөт, ага 48 курама катышат. Бул мелдешке тандоо өткөн жылдын сентябрында башталган, 2026-жылдын мартында аяктайт. Ал эми чемпионатка Азия өлкөлөрүнөн сегиз тайпа жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат.