Бишкектеги жогорку окуу жайлардын жана колледждердин студенттери шаар бийлиги түзгөн жаңы окуу графигине каршы петиция жарыялашты. Ага ылайык, азыр студенттердин сабактары эртең мененки саат 10дон кийин башталууда.
Бишкек мэриясы мындай график «шаардагы жол тыгындары көйгөйүн чечүүгө жардам берет» деп эсептөөдө. Бирок студенттер бул чара аларга ыңгайсыздыктарды жаратып, тескерисинче тыгындарды көбөйтүп жатканын билдирүүдө.
«Тыгындардын себеби студенттер эмес, көбүбүз коомдук транспортту пайдаланабыз. Жаңы график тыгын маселесин күчөтүп гана жатат», — деп билдиришти алар.
Мындан тышкары студенттер экинчи нөөмөттө окугандардын сабагы кечки 8-9да гана аяктап, жумуштары менен айкалыштыра албай калып жатышканына даттанышты.
«Студенттердин көбү иштеп, жашоосуна жана окуусуна акча таап алышат. Бирок жаңы график менен мындай дээрлик мүмкүн болбой калды. Биз студенттердин кызыкчылыгын эске алып, алардын окуусу жана жумушу үчүн ылайыктуу болгондой кылып графикти кайрадан карап чыгууну талап кылабыз», — деп жазылган петицияда.
4-сентябрдан бери петицияны дээрлик 900 киши колдоду.
Июлдун аягында Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги мектептерде сабактарды 8ден эрте, ЖОЖдор менен колледждерде 10дон кийин баштоо тууралуу токтомго кол койгон.
Бул демилгени майдын аягында Бишкек мэриясы көтөргөн. Анда мекеме өкүлдөрү мындай чара жолдогу тыгындарды азайтууга жана балдардын коопсуздугун камсыз кылууга жардам берерин билдиришкен.