Депутат Дастан Бекешев парламенттин 11-сентябрдагы жыйынында Бишкектеги студенттердин жаңы окуу графигине каршы пикирин билдирди.
Анын айтымында, мурда жол тыгындары 19:30га чейин болсо, азыр 21:30га чейин созулуп кетүүдө.
«Балким студенттерге эксперимент жасаганды токтотобуз? Бул чечимди жокко чыгаргыла. Кечки саат сегизде эч кимдин окугусу келбейт, эч кимдин сабак бергиси келбейт», — деди Бекешев.
Анын бул пикирин кесиптештери Нурланбек Шакиев менен Марлен Маматалиев да колдоду. Алар жаңы графиктен улам балдар да, студенттер да кыйналып жатышканын кошумчалашты.
Депутаттардын айтымында, мектеп окуучуларына саат 7:30дагы сабактарга жетишүү үчүн таңкы саат алтыда турууга туура келүүдө. Жыйынтыгында алар сабактарда уктап калып жатса, түштөн кийинки нөөмөттө окугандар кечки тамагын саат 10-11лерде ичүүгө аргасыз болууда. Буга байланыштуу эл өкүлдөрү Бишкек мэриясы менен Минкабды мурдагы окуу графигин кайтарууга чакырышты.
Билим берүү министрлигинен «Кактус Медиа» басылмасына жаңы окуу графигине алар да каршы болгонун билдиришкен.
«Биз Минкабга терс корутунду бергенбиз. Бүгүнкү күндө окуу жайлардан бул чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен көптөгөн кайрылуулар болууда. Алардын негизинде мэрияга жана Минкабга кат даярдап жатабыз», — деп билдиришти министрликтен.
Буга чейин Бишкектеги жогорку окуу жайлардын жана колледждердин студенттери жаңы окуу графигине каршы петиция жарыялашкан. Алар жол тыгындарына студенттер себеп эмес экенин, анткени алар негизинен коомдук транспорт менен жүрүшөрүн билдиришкен.
Мындан тышкары экинчи нөөмөттө окугандардын сабагы кечки 8-9да гана аяктап, жумуштары менен айкалыштыра албай калып жатышканына даттанышкан. 4-сентябрдан бери петицияны 900дөн ашык студент колдоду.
Июлдун аягында Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги мектептерде сабактарды 8ден эрте, ЖОЖ менен колледждерде 10дон кийин баштоо тууралуу токтомго кол койгон.