Орусиянын Коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары Дмитрий Медведев убактылуу жумуштарда иштеген мигранттарга үй-бүлөсүн Орусияга алып келүүгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу ал 5-сентябрда ТАСС агенттигине билдирди.
Медведевдин айтымында, мындай чектөө «мигрант үй-бүлөлөрдүн анклавдарына» тиешелүү болуш керек.
«Биз албетте ал жактагы айрым тенденцияларды жеңе албайбыз, бирок убактылуу иштегени келген адам эмнеге үй-бүлөсүн да ала келиши керек?» — деп суроо салды Медведев.
Мындан тышкары ал Орусияда жашап жаткан мигранттардын балдары орус тилин билбесе, билим берүү мекемелерине киргизилбеши керектигин билдирди.
«Акырындап, оройлонбостон тилди үйрөнүүгө мажбурлоо керек. Биринчи класстагы балдардын төрттөн бири орусча билбегени акылга сыйбас көрүнүш», — деди Медведев.
Буга чейин Мамдуманын башчысы Вячеслав Володин да мигранттарга үй-бүлөлөрүн Орусияга алып келүүгө тыюу салынышы керектигин айткан.
8-августта Орусиянын президенти Владимир Путин полиция кызматкерлерине мигранттарды соттун чечими жок эле депортация кылууга укук берген мыйзамга кол койгон.
Мындан тышкары орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбагандарды жарандыктан ажыратууга жол ачкан мыйзам да күчүнө кирген.