24 жаштагы Алтынай Базарбай Ош шаарына он таштанды урнасын жана бир таштанды ылгоочу урна белек кылды. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.
Активист көп убакыттан бери экологиялык демилгелерди көтөрүп, жаштардын потенциалын жогорулатууга көңүл буруп келет. Ошондой эле, ал ар бир жаран экологияга жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керектигин белгиледи.
«Жашоочулардын тазалыкка жана жаратылышка болгон мамилесинде элдин баарын айыптоо туура эмес. Эл деле таза болуусун каалайт. Болгону кээ бир жоопкерчиликсиз жарандарга өз чакырыгымды жеткиргим келет. Анан дагы балдар улууларды, ата-энесин көрүп үлгү алгандыктан ар бир чоң адам өзүнө жоопкерчилик алса жаштар оңолот», — деди Алтынай.
Сүрөт: «Турмуш»