9-сентябрда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин финансы-экономика факультетинин деканы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал экзаменде студенттерден опузалап акча талап кылууга шектелүүдө.
Учурда шектүү 48 саатка УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Буга чейин ушул эле университеттин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы жана анын орун басары кармалган. Алар да опузалап пара талап кылууга шектелген.