12-сентябрь Бишкек убактысы боюнча саат 12:30да Кыргызстан менен Казакстан көкпар оюнунда биринчи орунга ат салышат.
Ал эми 17:30дө кыргыз улакчылары көкбөрү оюнунун финалыдна казак курамасы менен беттешет.
Быйыл көк бөрү жана көкпар боюнча мелдеш өз-өзүнчө өтүүдө. Жыл башында көк бөрү оюндардын программасына кирбей калган. Кыргызстан менен Казакстандын сүйлөшүүлөрүнөн кийин гана тизмеге кошулган.
Экөөнүн айырмасы көкпарда улактын ордуна 33-35 килограммдык жасалма калып тартылып, ал тай казанга эмес тегерек чийинге ташталат. Оюндардын узактыгында да бир аз айырма бар.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бешинчи күнү Кыргызстан командалык эсепте 38 медаль менен үчүнчү саптан орун алды. Биринчиде Казакстан, экинчиде Кыргызстандан бир алтын ашык жеңген Өзбекстан келе жатат.