Имараттын ачылышына УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын ардагерлери жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.
«Мамкомитеттин жаңы имараты толугу менен заманбап техникалар менен жабдылып, аскер кызматкерлеринин улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында жемиштүү иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөн», — дешти атайын кызматтан.
2021-жылдан тарта өлкөдө укук коргоо органдарынын, айрыкча, УКМКнын имараттары жаңыланып, ачылыш аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлүп келет. Бирок каржы булагы кайдан экени ачыктабайт. Акыркы жолу Ташиев өлкө боюнча УКМКнын 50гө жакын жаңы имараты курулганын айткан.