Бул тууралуу 12-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Мындай чара иш менен камсыз кылган агенттиктерге көзөмөлдү күчөтүү максатында жасалып жатканы белгиленди.
Министрликтин буйругу менен төмөнкү агенттиктердин иши токтотулду: «Вайс Групп», «Селф виза», «Работа есть», «Койгелдиева Ж.Э.», «Айя-София», «Флай Гоу», «Гоу Ту Германи», «Интернешнл Лигал Бридж», «Глобал Стади Сервис», «Лаки Джоб» жана «Адимаворк».
Бул агенттиктер тургундарды Литва, Финляндия, Орусия, Польша, Европа, Венгрия, Чехия, Германия, Түркия, Болгария жана Катарга жумушка орноштуруп келишкен.
Улуу Британиядагы жумушчулар. Иллюстативдик сүрөт