Кайгуул милициясы: Бишкектеги жаңы окуу графиги тыгынды азайтууга жардам берди

Кайгуул милициясы Бишкектеги окуучулар менен студенттердин окуу графиги өзгөргөндөн кийин жолдогу тыгын азайганын билдирди.

«Мектеп окуучуларынын кеминде 40% (болжол менен 80 миң окуучу) окууга таңкы 6:30дан 7:00гө чейинки аралыкта чыгып жатат. Калган 60% 7:00дөн 7:30га чейинки убакытта жолго чыгууда. Бул таңкы тыгынды азайтып, жеке автоунаалардын (балдарын мектепке жеткирген ата-энелердин) жолго бир убакта эмес, бөлүнүп чыгуусуна шарт түздү», — деп билдиришти мекемеден.

Кайгуул милициясы студенттердин көбү окууга таңкы тыгындан кийин, саат 9:00дөн тарта чыга баштаганын белгиледи.

«Студенттердин 30% жакынында жеке унаалары бар. Мындан улам эртең мененки жол тыгыны да 30% азайды деп болжолдосо болот», — дешти мекемеден.

Милициянын кайгуул кызматынан шаарда коомдук транспорт түнкү саат 12ге чейин жүрүп жатканын да кошумчалашты.

Буга чейин Бишкектеги жогорку окуу жайлардын жана колледждердин студенттери жаңы окуу графигине каршы петиция жарыялашкан. Алар жол тыгындарына студенттер себеп эмес экенин, анткени алар негизинен коомдук транспорт менен жүрүшөрүн билдиришкен.

Мындан тышкары экинчи нөөмөттө окугандардын сабагы кечки 8-9да гана аяктап, жумуштары менен айкалыштыра албай калып жатышканына даттанышкан. 4-сентябрдан бери петицияны 900дөн ашык студент колдоду. 11-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары да Минкаб менен Бишкек мэриясын окуунун мурдагы графигине кайтууга чакырышкан.

Июлдун аягында Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги мектептерде сабактарды 8ден эрте, ЖОЖ менен колледждерде 10дон кийин баштоо тууралуу токтомго кол койгон.