Кыргыз курамасынын жетекчиси көкпар оюнунда адилетсиздик болгонун билдирди

Кыргызстандын көк бөрү курамасынын жетекчиси Эрлан Абдыкапаров көкпар оюнундагы Казакстан менен болгон беттеште «адилетсиздик болду» деп белгиледи. Анын айтымында, оюнда калыс казак курамасына жан тарткан.

«Адилетсиздик болоорун билгенбиз, бирок мынчалык деңгээлде, казактын улакчыларынын такымына бастырып, аларга ыктап ышкырып, төрт улак таштоого жол ачып, адилетсиздик кылат деп ойлогон эмеспиз»,
— деди ал.

Ошондой эле Абдыкадыров кыргызстандык улакчыларга калыстардан тышкары «казак күч органдары тарабынан да басым болгонун» белгиледи. Азырынча Казакстандын күч түзүмдөрү бул боюнча үн ката элек.

Ал эми казак курамасынын жетекчиси Акылбай Манкеев 10-номердеги оюнчусу кыргыз улакчысын камчы менен чапканы үчүн элден кечирим сурады. Ал спортто андай нерселер боло берерин эске салды.

Соцтүйүндө тараган видеодон кыргыз улакчылары оюндагы адилетсиздикке нааразылык билдирип аларга таккан медалдарды чечип, сыйлоо аземинен кетип калганын көрүүгө болот.