Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кара-Суу» өткөрүү пункту 14 жылдан кийин иштей баштады

Image description12-сентябрда 14 жыл мурун жабылган Ош облусунун Кара-Суу шаарынын четиндеги кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Кара-Суу-автожол» өткөрүү пункту кайрадан ишке кирди.

Кыргызстан менен Өзбекстандын гана жарандары өтө алчу аталган пункттун күнүнө 3500-4000 адамды тейлөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Пункт күндүзү гана иштеп, ал аркылуу жаныбар, транспорт каражаттары, жүк жана жеке колдонуудан тышкаркы товарлар өткөрүлбөйт.

Учурда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары боюнча жалпы 12 пункт иштейт.

Алар Жалал-Абад облусундагы «Маданият-автожол», «Баймак -автожол», «Бек-Абад-автожол», «Кең-Сай-автожол», Ош облусундагы «Достук-автожол», «Кара-Суу-автожол», Баткен облусундагы «Кызыл-Кыя-автожол», «Кадамжай-автожол», «Кайтпас-автожол», «Ак-Кыя-автожол», «Өтүкчү-автожол», «Чечме-автожол» өткөрүү пункттары.