УКМК : «Эркештам» бекетинде бажы кызматкерлерин сабаган 25 киши кармалды

10-сентябрга караган түнү Ош облусунун Алай районундагы «Эркештам» көзөмөл-өткөрүү пунктунда бажы кызматын көрсөтүүдө ортомчулук кылган 25 киши кармалды. Алар «Бажы инфраструктурасы» ишканасынын кызматкерлерин сабап салышкан.

УКМКнын маалыматына ылайык, алар «Эркештам» алдын ала бажы процедурасы жерине карата бажы ишин монополиялаштырышып, Кытайдан Кыргызстанга импорттолуучу товарларды Кара-Суу районунун аймагындагы «Каратай» бажы тариздөөчү жерге чейин коштоону көзөмөлгө алышкан. Мындай аракет мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан.

«"Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине кол салуунун уюштуруучуларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн УКМКга жеткирилди», — дешти атайын кызматтан.

УКМК аталган ишкана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жана «ортомчулардын» ортосундагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, бажыдагы жол-жоболорго мамлекеттик көзөмөлдөөнү жөнгө саларын билдирди.

«Бул ортомчулардын нааразычылыгын жаратып, ишкананын кызматкерлерин сабоого алып келди», — дешти атайын кызматтан.