⚡ЖМК: Депутат Гүлкан Молдобекованын эки жардамчысы кармалды


24.k
g басылмасынын маалыматына ылайык, УКМК кызматкерлери аларды парламент имаратынан колдоруна кишен салып алып кетишти. Азырынча мунун себеби белгисиз. УКМК маалымат бере элек.

Буга чейин ЖМКлар атайын аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлери Молдобекованын иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүп жатканын кабарлашкан.

«Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев парламент жыйынында Молдобекованын иш бөлмөсүндөгү тинтүү депутаттын өзүнө тиешеси жок экенин айтты.

«Бардык маалымат каражаттарында “Альянс” фракциясынын мүчөсү, депутат Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсүндө тинтүү болуп жатат деген маалымат чыгып кетти. Ал такыр башка маселе боюнча, Молдобекова боюнча эч маселе жок. Өзү болсо төрага менен Өзбекстанда расмий иш сапарда жүрөт», — деди Акаев.

Видео: 24.kg