Ала-Букада айылдаштарына ок чыгарган тургун тергөө бөлүмүнө жеткирилди

Image descriptionЖалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Жапа-Салды айылында бир нече киши уруша кетип, тургундардын бири ок чыгарды. Бул тууралуу «Клоопко» облустук милициядан кабарлашты.

Ок атылганы тууралуу маалымат милицияга 12-сентябрь саат 17:00 чамасында келип түшкөн. Милицияга кайрылган киши белгисиз бирөөлөр унаанын артынан кууп келишип, ок чыгарганын айткан.

«Болжол менен 25-30 жаштардагы жигиттер уруша кетип, алардын арасынан бирөө трамватикалык курал менен ок чыгарганы аныкталган. Кароо учурунда бир даана гильзасы алынды», — дешти милициядан.

Окуя боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

25 жаштагы жабырлануучу райондук ооруканага жаткырылып, 30 жаштагы шектүү тергөөгө жеткирилди. Ал буга чейин Орусияда каракчылыкка айыпталып соттолгону айтылат.