Алайда атасы орой мамиле кылган баланы Миграция министрлиги коргоого алды

Image descriptionМиграция министрлиги Алайда атасы сөгүп, эшикке чыгарып койгон бала асыроочу үй-бүлөгө берилгенин билдирди.

Министрликтен баласына орой мамиле кылган киши чет жерде иштеп жүргөн аялын үйүнө алып келүү үчүн видеого тартканын белгилешти.

«Райондук башкармалыктын маалыматы боюнча, баланын денесинде ур-токмоктун изи жок. Баланы коргоонун жеке планы түзүлүп, териштирүү иштери аяктап, үй-бүлөсүндөгү тактоо иштери аяктаганча бала асыроочу фостердик үй-бүлөгө жайгаштырылды», — дешти мекемеден.