Бир күн мурда социалдык тармактарда уулун сөгүп, орой мамиле кылып, тил албаса сабайм деп коркуткан видео тарады.
Ош облустук милициясы окуя ошол эле күнү каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталганын билдиришти. Милициядан шектүү Ош облусунун Алай районунун 39 жаштагы тургуну экенин белгилешти.
Ал баласына жасаган орой мамилесине Орусияда иштеп жүргөн аялы менен болгон пикир келишпестик себеп болгонун айткан. Киши аны «коркутуп коюу» максатында баласын урушуп, видеого тартып жөнөткөнү белгилүү болгон.
«Милиция кызматкерлери видеодогу жаш баланы ошол замат коргоого алып, дарыгерлерге көрсөтүшкөн. Денесинде эч кандай жаракат байкалган эмес. Азыр бала таенесинин көзөмөлүндө», — дешти милициядан.
Окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү уланууда.