«Азаттык» УКМК тараткан маалыматта ката кеткенин кабарлады

Image descriptionУКМК 12-сентябрда Жалал-Абаддагы тоо-кен ишканасынан 200 миң доллар талап кылган кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлганын билдирген.

Атайын кызматтан кармалгандардын арасында «Азаттыктын» мурдагы журналисти бар экенин белгилешкен. Басылма аталган билдирүүдө ката кеткенин билдирди.

«"Азаттык" радиосу Н.А.К аттуу жаран журналист болуп эч качан иштебегенин, атайын кызмат тараткан маалыматта ката кетип калганын билдирет»,
— деп жазды басылма.

УКМК акча опузалоого шектелип Чаткал районунун мурдагы акими, милициянын мурдагы кызматкери жана «Азаттык» басылмасынын мурдагы журналисти кармалганын билдирген.

Бул боюнча «Опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар тергөө абагына киргизилген. Азыр тергөө уланууда.