Азимбек Бекназаров кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектелип кармалды

Image descriptionУКМКнын маалыматына ылайык, 2010-жылы апрель окуяларынын жүрүшүндө банктан жана Өкмөт үйүнөн алынган акчаларды «уурдоо жана коротуу» фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

«Тергөөнүн жүрүшүндө Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Бекназаровдун укук коргоо органдары тарабынан камакка алынган ири суммадагы акча каражаттарын ыйгарууга катыштыгы бар экени аныкталган», — дешти атайын кызматтан.

Бекназаров «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга» шектелип убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Күн мурун Азимбек Бекназаров УКМКга суракка чакырылып, камакка алынганын анын уулу Руслан Бекназаров фейсбук барагында билдирген.