Кече V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын курамасы 15 медаль утту: алты алтын, төрт күмүш жана беш коло.
Кыргыз курамасы байгелүү орундарды көк бөрү, көк пар, тогуз коргоол, татар күрөшү, аба ашыртмалы күрөшү боюнча багынтты.
Ал эми уткан медалдардын саны боюнча командалык эсепте Казакстан биринчи орунда орунда келе жатат.
Бүгүн көчмөндөр оюндарынын акыркы күнүндө тыйын эңмей, ордо, мангала, бүркүт салуу оюндары боюнча мелдештер өтөт.