Ош облусунун Ноокат районундагы Ош — Разаков унаа жолунда иштеген жумушчуну бетон плита басып калып каза тапты. Бул маалыматты «Клоопко» облустук милициядан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, окуя 12-сентябрда болгон. Ош-Разаков унаа жолунун чоң эски көпүрөсүн бузуу учурунда Зулпуев айыл аймагынын 54 жаштагы тургунун өзү кесип жаткан эски көпүрөнүн бетон плитасы басып калып, окуя болгон жерде каза болгон.
Бул факт каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.
Сүрөт «AKIpress»